Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Комиссия: ЭлТР Бабановго байланыштуу сюжетте этика нормаларын бузган


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ЭлТРге каршы жазылган арызды карап, чечим чыгарды.

13-июлда жарыяланган чечимге ылайык, аталган канал саясатчы Өмүрбек Бабановго байланыштуу көрсөтүүдө журналистиканын этика нормалары бузулган деп эсептейт.

Тагыраагы, Журналисттин этикалык кодексинин алты беренеси бузулганы, ЭлТРдин материалында такталбаган маалыматтар камтылганы, бейтараптуулук сакталбаганы көрсөтүлгөн.

Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов комиссияга 25-июнда даттанган. Ал ЭлТРдин жаңылыктар программасында жана "Ютубдагы" каналында таратылган көрсөтүүдө Бабанов “Кумтөрдөгү коррупциялык иштерде фигурант” деп мүнөздөлгөнүн билдирип, чындыкка дал келбеген маалыматтар менен коштолгонун маалымдаган. Бул көрсөтүү 21-июнда чыккан.

ЭлТРдин юристи Азизбек Ибрагимов журналист мыйзамдан аша чаппаганын белгилеп, материалдардагы маалыматтарды төгүнгө чыгаруу сот чечими менен гана ишке ашарын билдирген.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Төрайымы – медиа эксперт Тамара Валиева.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Өмүрбек Бабановду быйыл 31-майда камакка алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG