Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында акция уланды


Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыккандар. 1-июнь, 2021-жыл.
Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыккандар. 1-июнь, 2021-жыл.

13-июлда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыккандар Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылышты. Бул акция бир нече айдан бери уланып жаткан. Ай башында анын катышуучулары 12 күндүк тыныгуу жарыялашкан.

"Мен өз энемди жана эки инимди издеп жатам. Алар кайтарылмайынча пикетке чыгууну токтотпойм", - деди нааразылык акциясына чыккандардын бири Акикат Калиолла.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү "акция бийлик менен макулдашылбай өткөрүлүп жаткандыктан, мыйзамсыз экенин" эскертип, тарап кетүүнү талап кылды.

Жыйырма жумадан бери уланып жактан акциянын катышуучуларына Кытай консулдугунан бирөө да чыга элек.

Быйыл мартта Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдына чыгып жаткандардын туугандары мыйзам бузганы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, алар Кытайдын жарандары экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG