Эмдөө: документ жасагандар бийликтин баш оорусуна айланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанда коронавирус сертификаттарын бурмалоонун биринчи фактылары бир нече ай мурун Алматы шаарында аныкталган. Айрым ооруканаларда дарыгерлер бейтаптарга вакцина сайбай туруп жасалма документ сатышкан. Ал эми вакциналар жок кылынган. Ал ортодо кээ бир шылуундар жасалма эмдөө паспортторун 60 долларга сатары айтылат.