Тажикстан: камактагы кыргызстандыктардын соту 16-июлда уланат

Тажик чек арачысы. Кыргыз-тажик чек арасында тартылган сүрөт.

Тажикстанда камакта отурган кыргызстандыктардын соту 16-июлда уланат. Алар чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда.

Дүйшөмбү шаарындагы тергөө абагында отурган төрт кыргыз жаранынын бири 9-июлда беш жылга камалган. Калган үчөөнүн иши 12-июлда жана 14-июлда каралмак. Бирок күбөлөр келбей калгандыктан сот 16-июлга жылдырылган.

Алар үч ай мурун Тажикстанга туугандарына барганда Жерге-Тал районунда кармалышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе көзөмөлдө экенин билдирген. Бишкек камалган жарандардын туугандары менен байланышып, консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберген.

2021-жылдын башынан бери Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр үчүн жаза катаалдашкан.

Дагы караңыз

Тажикстанга качкан оогандык кыргыздар көбөйдү"Талибан" үч айга ок атууну токтотуу үчүн өз шартын койдуОогандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качтыCOVID-19: Дүйнөдө каза болгондор кайра көбөйдүМосква: элчилик калайман мушташта кармалгандардан кабар алды