Светлана Тихановская АКШга барды

Светлана Тихановская Вашингтондо беларус диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская АКШга сапар менен барды. Аны Вашингтонго Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти чакырган. АКШ Батыштагы башка өлкөлөр сыяктуу эле өткөн жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Александр Лукашенконун жеңгенин тааныган эмес.

Вашингтондо Тихановская АКШнын администрациясынын, Сенаттын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрөт. 18-июлда АКШнын борбор калаасында беларус диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Светлана Тихановская буга чейин Кошмо Штаттар Беларус оппозициясы менен бийликтин ортосунда ортомчу болсо деген каалоосун билдирген. Ошондой эле Вашингтонду Лукашенконун режими куугунтукка алган жарандык коомдун өкүлдөрүн колдоого чакырып келет.

Тихановская “Америка добушу” радиосу менен маегинде “Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү Беларуска көңүл бурушун каалайм. Албетте, азыр дүйнөдө башка көйгөйлөр да көп экенин түшүнүп турам. Биз дүйнө үчүн маанилүү болгон баалуулуктар үчүн күрөшүп жатабыз. Мен АКШ бул күрөштө лидер болушун каалайм”,-деп билдирди.

Ал саясий туткундарды бошотуу талабы менен Батыш өлкөлөрүн Беларуска басымды күчөтүүгө үндөдү.

Беларуста соңку бир жылдан бери Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары токтобой келет. Бийликти сындаган саясий ишмерлерди, жарандык активисттерди, журналисттерди камакка алуу уланууда.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү Лукашенконун жеңишин тааныбай, Европадагы айрым өлкөлөрдө Беларус оппозициясынын расмий өкүлчүлүгү ачылган.

Дагы караңыз

OCCRP: азери бийлиги жүздөгөн журналист, активисттерди тымызын тыңшаганТажикстанга кире качкан оогандык кыргыздар артка кайтарылдыОоган өкмөтү менен талибдер мунаса таппады Бишкек: шаардык кеңешке алты партия өтүп, мандаттар бөлүштүрүлдү Түркия өлкөгө мыйзамсыз кирген ондогон оогандык качкынды кармады