Toyota Олимпиадага үндөш жарнамаларды берүүдөн баш тартты

Жапониядагы ири автоөндүрүүчү Toyota ишканасы Токиодогу Олимп оюндары учурунда олимпиадалык тематикадагы жарнамаларды телеканалдар аркылуу көрсөтпөйт. Эл аралык Олимпиада комитетинин ири корпоративдик демөөрчүлөрүнүн бири болгон компания бул тууралуу 19-июлда жарыялады. Мындай чечим ансыз да коронавирустан улам уюштуруу иштери чочулоо жаратып жаткан мелдешке дагы бир сокку болду.

Компаниянын коомчулук менен байланыш боюнча директору Жун Нагата “Бул Олимп оюндары менен байланышкан абдан көп көйгөйлөр бар. Аларды түшүнүү кыйын” - деп билдирди.

Пандемиядан улам бир жыл кечигип өткөрүлүп жаткан Токиодогу оюндар Жапонияда вирус жайылган учурга туш келди. Оюндардын башталышына төрт күн калганда мелдешке келген британ, чех жана түштүкафрикалык спортчулардан COVID-19 вирусу аныкталды.

Уюштуруучулар буга чейин жалпысынан 62 адамдан вирус чыкканын, алардын 22си четтен келгендер экенин кабарлаган.

23-июлдан 8-августка чейин өтчү Олимпиадага быйыл пандемиядан улам көрөрмандар киргизилбейт.

Дагы караңыз

Лейлекте сел агызып кеткен тургун каза болду Азербайжан: журналисттер тыңшалганы ашкере болду Ысык-Көлдө жоголгон туристти издөөгө кошумча күч тартылдыБеларуста оппозициячыл 11 активист соттолдуТажикстанга качкан ооган кыргыздары артка кайтарылды