Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Беларуста оппозициячыл 11 активист соттолду


Сергей Плонис
Сергей Плонис

Беларус соту бийликти сындаган 11 активистти узак мөөнөткө абакка кести. Минсктин соту 19-июлда Павел Нядайла, Растислав Стефанович, Евгений Прапольский, Александр Резник, Сергей Плонис, Артем Мицук жана Александр Юрчикти "массалык башаламандыкка катышкан" жана "бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирген" деген айып менен ар бирин сегиз жылга кести. Алардын ичинен Стефанович жана Плонис Беларус оппозициясы түзгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрү болчу. Булардын көпчүлүгүн өлкөдөгү укук коргоо уюмдары саясий туткун деп аташкан.

Беларуста президенттик шайлоодон соң оппозиция бир нече ай демонстрацияларды, жүрүштөрдү уюштурду. Александр Лукашенко баштаган бийлик демонстрациянын жүздөгөн катышуучуларын камап, куугунтукка алган. Өлкөдөгү кысымдардан улам бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер тышка чыгып кетүүгө аргасыз болду.

АКШ баштаган бир нече өлкө былтыркы шайлоонун жыйынтыгын жана Лукашенкону Беларустун легитимдүү президенти деп таануудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG