Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Казакстанда мунайчылар иш таштады


Иш таштаган жумушчулар
Иш таштаган жумушчулар

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында бир нече мунай ишканасынын жумушчулары иш таштады. Өткөн аптадан бери иш таштап жаткан "МунайСпецСнаб" ишканасынын жумушчуларына бүгүн шаардагы KUNAN HOLDING жана "БатысГеофизСервис" компаниясынын жумушчулары кошулду. Алар маянаны көбөйтүү жана жумуш шартын жакшыртууну талап кылышууда.

Беш күндөн бери акцияны улантып жаткан "МунайСпецСнаб" ишканасынын жумушчулары менен жетекчилиги жолуга элек. Тескерисинче, күндүн ысыгында чатыр алдында акцияга катышып жаткандарга басым көрсөтүп, айрымдарын жумуштан кетирип жатканы боюнча кабарлар чыгууда. Ал эми жергиликтүү бийлик болсо маселени карап көрүүнү убада кылган. Иш таштоого 130дай адам катышып жаткан. 19-июлда акцияга дагы эки компаниянын 200дөн ашык жумушчусу кошулду.

Казакстандын мунайга бай Маңгыстау аймагында мунай компанияларынын жумушчулар утур-утур акцияга чыгып, жумуш шартын жакшыртууну талап кылышат. Бирок бийлик органдары буга көңүл бурбай келет.

2011-жылы 16-декабрда Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында жапырт башаламандык чыгып, анда мунайчылар менен полиция кагылышкан. Анда ондогон киши набыт болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG