Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Садыр Жапаров туристтерди Ысык-Көлгө келип эс алууга чакырды


Садыр Жапаров, Бишкек, 1-июль.
Садыр Жапаров, Бишкек, 1-июль.

Президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” расмий баракчасына Ысык-Көлдө тартылган сүрөттөрдү жарыялап, туристтерди келип эс алууга чакырды. Ал жай айлары эс алууга жакшы мезгил экенин, ал эми кышында Караколдо чаңгы (ред: лыжа) тепсе болорун жазды.

Мунун алдында “Фейсбукта” президент Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жаткан адамдар менен жолугуп сүрөткө түшкөнү тартылган видео, сүрөттөр чыккан.

9-июлда президенттин жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус аныкталгандыктан Садыр Жапаров 10-июлда Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоого көчмө урна менен добуш берген.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы президент ПЧР тест тапшырып жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыкпаганын билдирди. Ал эми ушул күндөрү Ысык-Көлдө катардагы эле адамдардай жүргөнүн, расмий эмгек өргүүдө эмес экенин кабарлады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG