Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Кара-Кулжада карышкыр эки кишиге тиш салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-июль күнү түнкү саат 22:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кашка-Суу жайлоосунда карышкыр 17 жаштагы кызга тиш салган. Бул тууралуу Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Абдилазиз уулу "Азаттыкка" билдирди.

“Түндө ач карышкыр Кашка-Суу жайлоосунда жайгашкан короого түшүп келип, майда жандыктарга тиш салган. Короодогу мал-жандыктардын ызы-чуусунан жарык менен чыккан 17 жаштагы кызды буттан тиштеген. Кыз качып, араң кутулган. Андан соң түнкү саат 12:00дөн кийин дагы келгенде ошол жердеги чабан чыгып кармаша кеткен. Ызы-чуудан кошуналар да ойгонуп келип карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Карышкырдын кутурган, кутурбаганын аныктоо үчүн Оштогу лабораторияга жибердик. Ал эми жаракат алган тургундар учурда райондук ооруканада дарыланып жатышат”, - деди Абдилазиз уулу.

Кара-Кулжа райондук ооруканасына жаткырылган 37 жаштагы жарандын абалы туруктуу экени кабарланды.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр карышкырдын мал-келге зыяны 28 миллион сомду түзгөн. Кыргызстанда 2020-жылы 380ден ашык карышкыр, 20дай бөлтүрүк, эки миңге чукул чөө атылган. Мергенчилерге беш миллион сомдон ашык сый акы төлөнгөн. (MrA)

XS
SM
MD
LG