Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Ооганстандагы элчиликтер ок атууну токтотууга чакырды


Ооганстан
Ооганстан

Ооганстандагы 15 өлкөнүн дипломатиялык миссиясы ок атууну токтотуп, абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырды. Евробиримдиктин делегациясы, НАТОнун өкүлү баш болгон он беш өлкөнүн элчиликтери мындай билдирүүнү 19-июлда ооган өкмөтү менен “Талибан” кыймылынын Дохадагы сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган соң таратты.

Катардын борборундагы эки күндүк сүйлөшүүлөрдөн соң тараптар “адилеттүү жыйынтыкка” жетишүү үчүн кийинки аптада жолугушуу керек деп тарашкан. Бирок мусулмандардын ыйык майрамы саналган Курман айттын урматына ок атууну токтотуу боюнча макулдашуу тууралуу айтылган жок. Буга чейин ооган өкмөтү менен талибдер бир нече жолу диний майрамдын урматына кыска убакытка болсо да ок атууну токтотушчу.

Дохадагы сүйлөшүүлөр ооган маселеси туңгуюкка кептелип бир нече ай токтоп калган соң 17-июлда жанданды. Ага өкмөттүк делегацияны Улуттук жарашуу жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла баштап барса, талибдердин тобун Абдулгани Барадар жетектеп келген.

Соңку мезгилде Ооганстанда кырдаал кескин курчуп кетти. Өлкөдөн 20 жылга жакын терроризмге каршы операция жүргүзгөн АКШ баш болгон коалициялык күчтөр чыгып жаткан мезгилде талибдер баш көтөрүп, өлкөнүн 421 районунун жарымын ээлеп алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG