Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

OPEC тобуна мүчө өлкөлөр мунай өндүрүүнү көбөйтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сауд Арабиясы баш болгон 13 мамлекеттен турган топ мунайды өндүрүүнү көбөйтүү боюнча макулдашты. Акыркы айда мунайга болгон дүйнөлүк баа соңку алты жылдагы эң жогорку чекке жеткен эле.

18-июлда кол коюлган макулдашууга ылайык, OPEC+ тобуна кирген өлкөлөр күн сайын мунай өндүрүүнү 400 миң баррелге көбөйтөт. Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары мунай өндүрүү боюнча мунаса таап, бул өз кезегинде топтун алкагында көп тараптуу макулдашууга кол коюуга жол ачты.

OPEC+ тобуна кирген өлкөлөр былтыр пандемияга байланыштуу суроо-талап төмөндөгөндүктөн суткасына мунай өндүрүүнү 10 миллион баррелге кыскарткан. Акыркы учурда дүйнөлүк экономика жандангандыктан бул топко кирген өлкөлөр 2,2 миллион баррелге мунай каза баштаган. Бирок мындай чара дүйнөлүк базардагы мунайга баанын кымбатташын токтоткон жок. АКШда мунайдын бир баррели 77 долларга жеткен. Бул 2014-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG