Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Казакстан: Жаңы-Өзөндө мунайчылар иш таштады


Казакстан. Жаңы-Өзөндө мунайчылардын иш таштоосу. 21-апрель, 2021-жыл.
Казакстан. Жаңы-Өзөндө мунайчылардын иш таштоосу. 21-апрель, 2021-жыл.

Жаңы-Өзөндөгү мунай бургулоочу, «МунайФилдСервис» компаниясын тейлеген «Мадиев» ишканасынын жумушчулары аларды штатка алууну жана маянаны жогорулатууну талап кылышууда.

Нааразылардын бири Женис Бапилова «Нур Отан» партиясынын кеңсесинин алдына чогулуп, компаниянын жетекчилигине жана акимиятка кайрылып, бирок андан майнап чыкпаганын "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Анын айтымында, алар азыркы учурда 80-90 миң теңге эмгек акы алат. Иш таштаган мунайчылар «МунайФилдСервис» компаниясынан анын өзүнүн жумушчулары алгандай 180-200 миң теңге маяна төлөөнү талап кылышты. Ошондой эле алар келишимдик негизде эмес, аларды штатка алып, Эмгек кодексинин негизинде мамиле жасоону талап кылышты.

Мунайчылардын иш таштоосунун башында турган Женис Бапилов 2011-жылы да Жаңы-Өзөн окуясында жапырт башаламандык уюштурууга айыпталгандардын арасында болгон. Бирок кийин ал соттон акталган. Бапилов аны полиция токмоктогонун айткан.

Буга чейин «Фиркрофт» компаниясын тейлеген «Бургылау» аутсорсинг ишканасынын жумушчулары да иш таштаган.

21-апрелде алар мунайчыларга тилектештик билдирип, бир саатка жумушун токтотушту.

2011-жылы 16-декабрда Казакстандын Маңгыстау облусундағы Жаңы-Өзөн шаарында жапырт башаламандык чыгып, анда мунайчылар менен полиция кагылышкан. Кагылышуунун жыйынтыгында ондогон киши набыт болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG