Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

АКШ Украинага 2 миллион доза вакцина берди


АКШ Украинага коронавируска каршы эки миллион доза вакцина берди. Украин саламаттык сактоо министри Виктор Ляшконун маалыматы боюнча, Moderna вакциналары COVAX программасынын алкагында берилген. Вакцина жакынкы күндөрү өлкөгө алып келинип, дарыгер, мугалим жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сайылмакчы.

Украинада коронавируска каршы эмдөө февраль айында башталган. Азыркы күнгө чейин 4 миллионго жакын адам вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми 1,4 миллион киши же калктын үч пайызга жакыны вакцинанын эки дозасын тең алышкан.

Украинада пандемия башталгандан бери 22,4 миллион кишиге коронавирус жуккан. Анын 21,8 миллиону айыкты. Ал эми оору 52,7 миң кишинин өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG