Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

СOVID-19: Токиодо коронавирустан улам чектөө киргизилет


Олимп оюндарынын уюштуруучулары
Олимп оюндарынын уюштуруучулары

23-июлда жайкы Олимп оюндары баштала турган Жапониянын Токио шаарында коронавирус жайылганына байланыштуу 12-июлдан тарта карантин киргизилет. Олимпиаданын уюштуруучулары өткөн аптада спорттук мелдеш өтчү жайларга барууга тыюу салган. Чет өлкөлүк күйөрмандар да оюндарды көрө алышпайт.

Жапониянын Министрлер кабинетинин баш катчысы Кацунобу Като аларды спортчуларды онлайн колдоого чакырды.

«Спортчуларды үйдөн отуруп колдоп, сүрөөгө чакырабыз»,-деп билдирген.

Олимп оюндары 8-августка чейин болот. Ал эми СOVID-19га байланыштуу өзгөчө кырдаал 22-августка чейин уланмакчы.

Австралиядагы ири шаар Сиднейде да чектөөлөр киргизилгени турат. Өлкөнүн расмийлери вирустун “дельта” варианты жайылышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

АКШда болсо коронавируска каршы вакцина өндүргөн Pfizer компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери менен 12-июлда жолугат. Буга чейин компания вакцинанын үчүнчү дозасын өндүрүү демилгесин көтөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG