COVID-19: он бир адам көз жумду, 1147 кишиден вирус аныкталды

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 24-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2238 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1147 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 661 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 156 152 адамга жетти. Андан 133 444 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4143 адам ооруканада дарыланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 28 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 295 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 533ү сакайды. (TSh)

Дагы караңыз

Аким: Көк-Таштагы окуяны милиция териштирүүдөТокио-2020: Каныкей Кубанычбекова 48-орунду ээледиИИМ айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырды