Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды

Темир Сариев

"Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сариевди 3-августта кармаган. Ага "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Адвокаты Тимур Султанов Кылмыш кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен айып тагылганын айтып, муну мыйзамсыз жана негизсиз экенин билдирди.

Темир Сариев 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр болгон.

Андан мурун экономика жана монополияга каршы саясат министри, каржы министри, Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеген. (SE/BkS)

Дагы караңыз

"Кумтөр иши": Сот Узакбаевди күнөөлүү деп таап, айыппул салдыБашкы прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалатДепутат Бекешев Аскер прокуратурасына Кумтөрдөгү мөңгүлөр боюнча сурак бердиБашкы прокуратура: Акаев тергөө менен активдүү кызматташып жататАдвокат: Кумтөрдөгү зыянды Сариев аныктаган эмес, ал себепсиз кармалды