Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

"Кумтөр иши": Сот Узакбаевди күнөөлүү деп таап, айыппул салды


Талантбек Узакбаев. Архивдик сүрөт.
Талантбек Узакбаев. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Талантбек Узакбаевди Кумтөргө байланыштуу күнөөлүү деп таап, айыппул түрүндөгү жаза чегерди. Бул тууралуу 4-августта “Азаттык” радиосуна соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өкүм 29-июлда чыкты. Узакбаев Жазык кодексинин 319-беренесинин (“Коррупция”) негизинде күнөөлүү деп табылды. Ага мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Ал быйыл июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалып, бир нече убакыттан кийин үй камагына чыгарылган.

8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кумтөр алтын кени боюнча мамлекетке 1 миллиард сом чыгым келгенин айтып, “Кызмат адамдары Узакбаев, Зулпукаров, Жээнбеков, Пирматов, Бабанов канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүп алып чыгым келтиришкен”, - деп билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG