Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:53

Өзбекстан менен АКШ маанилүү документке кол койду


АКШ менен Өзбекстандын желеги.
АКШ менен Өзбекстандын желеги.

4-августта Ташкентте Өзбекстан менен АКШнын ортосунда коррупцияга, мыйзамсыз маңзат соодасын жүгүртүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүүгө укуктук жактан мүмкүнчүлүк берүүчү өкмөттөр аралык документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы тараткан учкай маалыматта бул документтерге Өзбекстан тараптан тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов, ал эми Кошмо Штаттарынын атынан АКШнын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Дэниел Розенблюм кол койгону белгиленди.

Документтер коррупцияга, мыйзамсыз маңзат соодасын жүгүртүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүүгө жол ача турган укук коргоо органдарынын ортосунда маалымат алмашуу, өз ара кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба бөлүшүү сыяктуу иш-аракеттердин жол-жобосун ичине камтыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG