Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Чехияда поезддер кагышып, кеминде эки адам каза болду


Чехия. Жабыркаган поезддердин бири. 4-август, 2021-жыл.
Чехия. Жабыркаган поезддердин бири. 4-август, 2021-жыл.

Чехияда Домажлице жана Ближеов станцияларынын ортосунда жүргүнчү ташыган эки поезд кагылышты. Алдын ала маалымат боюнча анын кесепетинен кеминде эки киши каза таап, элүүдөн ашык жүргүнчү жаракат алды. Бир нече киши оор абалда экени кабарланууда.

Мүнхенден Прагага келе жаткан Ex 351 үлгүсүндөгү ылдам жүрүүчү экспресс поезд жергиликтүү Пльзень – Домажлице темир жол каттамы боюнча жүргөн поезд менен кагылышты.

Чехиянын Транспорт министрлиги берген алдын-ала маалымат боюнча экспресс поезддин машинисти кызыл жарыктан өтүп кеткен. Учурда окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Пльзендин өрт өчүрүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча беш адам оор абалда, үчөө орто деңгээлде жаракат алды.

Былтыр дагы Чехиянын Карловы Вары аймагында эки поезд кагылышып, эки адам каза таап, 30дай киши ар кандай жаракат алган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG