Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Эгемендик күнү Бишкекте аскер парады өтөт


Бишкек. Ала-Тоо аянты.
Бишкек. Ала-Тоо аянты.

31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленген күнү Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өтөт. Бул тууралуу 4-августта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, майрамды уюштуруу маселелери Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өткөргөн жыйында талкууланып, республика боюнча жалпысынан 40тан ашуун иш-чара пландаштырылып жатканы айтылды.

Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт.

Марипов иш-чаралардын баары коронавируска каршы эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүшү тийиш экенин белгиледи.

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алынган. Бул дата – Кыргызстандын Эгемендик күнү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG