Кыргыз Эл артисти Искра Райымкулова дүйнөдөн кайтты

Искра Райымкулованын жаш кези. (Сүрөт интернеттен алынды).

Белгилүү кино жана театр актрисасы Искра Райымкулова 85 жашка караган курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Искра Райымкулова 1957-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик драма театрында жарым кылымдан ашуун эмгектенген. Ал сахнада Алтынайдын ("Биринчи мугалим"), Алимандын ("Саманчынын жолу"), Корделиянын ("Король Лир"), Жульеттанын ("Ромео менен Жульетта") жана башка бир катар каармандардын образдарын мыкты жараткан. Токтогул Сатылганов тууралуу көркөм тасмада Алымкандын ролун ойногон.

Мындан тышкары "Балалык менен коштошуу", "Күнөстүү арал", "Он үчүнчү небере" көркөм тасмаларында тартылган.

Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасында Жеңишбектин легендага айланган образын жараткан. (ZKo)

Дагы караңыз

"Коррупция илим тармагын да чырмап алды"Акаев Кумтөр боюнча катасын моюнга аларын айтып, элден кечирим сурадыМасадыков vs Ташиев: маектен чыккан талкууОкуу форматы эпидемиологиялык кырдаалга жараша аныкталатКыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө уланатМексика АКШнын курал-жарак компанияларын сотко берди Алга Кылычевди атууга шектелген адам кармалды Вашингтон америкалыктарды Ооганстандан чыгып кетүүгө чакырды