Жаңы окуу жылында 19 мектеп пайдаланууга берилет

Ала-Бука районундагы жаңы мектеп. Жалал-Абад облусу. Июнь, 2021-жыл.

2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстанда 19 мектеп жана бир нече мектептин кошумча имараттары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай - жарандык курулуш департаментинин башкы инженери Жумабай Мандеев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, учурда имараттарды электр жарыгы менен камсыздоо, эмеректерди, окуу-усулдук аспаптарды курап, киргизүү, мектеп короолорун тазалоо иштери жүрүп жатат.

"Эгемендиктин 30 жылдыгына карата отуз обьектти тапшырабыз деп максат кылганбыз. Бүгүнкү күнү 19 мектеп, 10 бала бакча жана үч социалдык мекемени тапшырабыз".

1-сентябрда ишке кирүүчү 19 мектептин ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткендеги мектептер да бар.

Мындан тышкары Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан аймактарда 4 орто мектептин курулушу аяктап, жаңы окуу жылында балдарды кабыл алат.

Турак жай-жарандык курулуш департаменти 2019-жылы атайын комиссия менен бирге өлкө боюнча авариялык абалдагы 245 мектепти аныктаган. Курулуш агенттиги тарабынан 237 мектептин курулушу башталып, ага 9,7 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун ичинен быйыл жыл аягына чейин 85 мектеп бүткөрүлүп колдонулууга берилмекчи.(ZKo)

Дагы караңыз

Байден дүйнөлүк демократия саммитин өткөрөтЭкологияга зыянсыз гигиеналык жаздыкчаАбактагы Аспеков ооруканага түштүАКШ Сенаты Байдендин 3,5 триллион долларлык планын бекиттиБашкы прокурордун орун басарлары алмашты"Кумтөр" келишимин денонсациялоо иши башталдыМэр Ош шаарындагы арматура заводу көчүрүлөрүн билдирдиСанкт-Петербургда кыргызстандык жаранга кол салган киши кармалды№47 жана №21 абак жайлары Бишкектин сыртына чыгарылат