Токиодогу Паралимпиадага Кыргызстандан эки спортчу барат

Улуттук Паралимпиада курама командасы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын Паралимпиада курама командасын кабыл алып, спортчу Арстанбек Базаркуловго кыргыз желегин тапшырды.

2021-жылдын 24-августунан тартып 5 -сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт. Ага Кыргызстандын жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү боюнча Арстанбек Базаркулов жана дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы катышат.

Улукбек Марипов спортчу Арстанбек Базаркуловго кыргыз желегин тапшырды.

Буга чейин Жапониядагы Жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова дагы күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алган. Олимпиадага жалпысынан 16 спортчу барган. (TSh)

Дагы караңыз

"Мегакомду" сатуу боюнча комиссия түзүлөтКыргызстан памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр  COVID-19: вирустан дагы 6 киши каза болду