“Мугалимдин маянасы бир айга өп-чап жетет”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бегай Жунусалиева он жылдан бери Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектепте физика сабагынан мугалим болуп иштейт. Ал кесибин сүйүп, балдарды окутуудан рахат алганын айтканы менен тапкан айлыгы төрт баласын багып, өстүрүүгө өп-чап жетип жаткан убак. Кыргызстанда орточо айлык 19 миң сомдун тегереги. Ал эми мугалимдердин маянасы орточо айлыкка да жетпейт. Башкача айтканда 15 миңдин гана тегерегинде.