Ош: Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды

Алмаз Мамбетов.

Ош шаардык кеңешинде бүгүн 26-августта мэр шайлоо өттү. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш беришти.

45 жаштагы Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген:

"Ишимди деле толук көрсөтө элекмин азырынча. Эми толук ишке киришип, Ош шаарынын көйгөйлөрүн чечүүгө убада берем".

Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке шаардык кеңештин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Бүгүн депутаттардын алдында сүйлөп жатып ал вице-мэрлердин бири аял болушу керектигин айтты.

Дагы караңыз Бишкек, Ош жана Токмокто мэр шайланды

Ошто 11-июлда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгында 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана «Биздин Кыргызстан» партиялары «Аманат» көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. (DU)

Дагы караңыз

Айбек Жунушалиев Бишкектин мэри болуп шайландыЭгемендиктин балдары: кусага толгон жылдарБаткен: тажик айылынан суу алып өтүү үчүн күзөт уюштурулдуБШК: Ошто аял депутаттар жана талапкерлер мандаттан жапырт баш тартууда