Султанбековдун автоунаасына ок атуу боюнча териштирүү жүрүүдө

Темирлан Султанбеков.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун автоунаасына ок атылганы боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы комментарий берди.

Милициянын маалыматына караганда, Султанбековдун “Фейсбуктагы” баракчасына жазганы боюнча ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүп, окуя Аламүдүн районунун аймагында болгону аныкталды. Бирок Султанбеков өзү милицияга арыз менен кайрылган эмес. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тергөөнүнүн жыйынтыгында кошумча маалымат болорун билдирди.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков “Фейсбуктагы” баракчасына 26-август түнкү саат 1:20 чамаларында айдоочусу менен кетип бараткан автоунаага ок атылганын жазды. Султанбеков муну аны коркутууга аракет болушу мүмкүн деп баалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан куралган "Социал-демократтар" партиясы быйыл Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, 45 мандаттын бешөөнү алды. (TSh)

Дагы караңыз

Нью-Йорктогу сотко Кумтөр боюнча кошумча өтүнүч келтирилдиНавальныйдын камалгандан берки алгачкы маеги жарык көрдүОш: Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды