Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Нью-Йорктогу сотко Кумтөр боюнча кошумча өтүнүч келтирилди


 Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

"Кумтөр Голд" жана "Кумтөр Оперейтинг" компанияларынын атынан иш алып барып жатканын билдирген Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясы Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кошумча өтүнүч жөнөтүп, Кыргызстанга "автоматтык токтото туруу режимин" бузганы үчүн санкция салууну талап кылды.

Сотко арыз 25-августта берилгени тууралуу документ банкроттуулук маселелери боюнча иш алып барган Stretto компаниясынын сайтына жарыяланды.

Документте айтылгандай, «Центерра» колдогон юридикалык компания бир күндүк санкциянын өлчөмүн 1 миллион доллар деп белгилеген.

Бул иш боюнча сот 15-сентябрда өтө турган болду.

Кыргызстан тарап бул боюнча азарынча расмий комментарий бере элек.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова 17-августта “Биринчи радионун” эфиринде сүйлөп жатып банкроттуулук боюнча сот каралып бүтмөйүнчө процесстер токтоп турганын, “Центерра” ошентип Кыргызстандын өкмөтүнө, Кумтөрдөгү убактылуу башкарууга тоскоолдук жаратып жатканын айткан. Ал ““Центерранын” пайдасына чечкидей негиз жок. Адилеттүү чечим чыкса ал Кыргызстандын пайдасына чыгат” деп билдирген.

“Центерра” кыргыз тарап Кумтөр алтын кенин негизсиз тартып алганын белгилеп, бул маселе Нью-Йорктогу сотто жана Стокгольмдогу арбитражда чечилиши керек экенин билдирип келет.

Нью-Йорктогу бул соттук процессте Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адвокат, Arnold & Porter эл аралык юридикалык фирмасынын өнөктөшү Бенжамин Минц​ "Кумтөр Голд" жана "Кумтөр Оперейтинг" компанияларынын атынан бир гана тышкы башкаруу органы сүйлөөгө укуктуу экенин июнь айында “Азаттыкка” жолдогон комментарийинде белгилеген.

“Кыргызстан “Центерра Голддун” өкүлдөрү банкроттуулук боюнча ишти демилге кылууга ыйгарым укугу жок болчу деп ишенет. “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” бул кыргыз компаниялары жана АКШ соту ишкананын атынан сүйлөөгө кимдин ыйгарым укугу бар экенин чечип жатканда кыргыз мыйзамын колдонууга милдеттүү”, - деп билдирген Бенжамин Минц.

Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. (KKs/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG