Орусия: Июлда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 50 миңден ашты

Орусия. Коронавирус боюнча тест алуу учуру.

Орусияда быйыл июль айында коронавирус жуктуруп алып, көз жумгандардын саны 50 миңден ашты.

Өлкөнүн статистикалык комитети билдиргендей, бул январь айынан бери алганда эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Жыл башында COVID-19дан 37 миңден ашуун киши дүйнө салган.

Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова мунун себебин коронавирустун жаңы "дельта" штаммынын жайылып жатканы менен түшүндүрдү.

Июнь айынан бери Орусиянын көпчүлүк аймагында жарандардын белгилүү бир тобуна милдеттүү эмдөөдөн өтүү киргизилген. Элди эмдөө былтыр декабрь айында башталганы менен өтө жай жүрүүдө. Соңку маалыматка караганда, өлкөдө калктын төрттөн бир бөлүгү гана вакцина алган. Жарандардын 30% вакцинаны 1-дозасын сайдырды.

Пандемия башталганы Орусияда расмий маалыматка ылайык, алты жарым миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыккан. 180 миңден ашуун бейтап көз жумган.

Дагы караңыз

Дашков камакка кайтты, абак жетекчилери кызматтан четтедиОоганстан: талибдер таанымал элдик ырчыны өлтүрүштүКөкбөрү: финалда ойной турган командалар аныкталдыЖапония Курил аралынан сүзүп барган орус жаранына баш калка бербейтКоронавирус дагы 213 кишиден аныкталып, беш бейтап  көз жумду Франция эвакуацияланган оогандыктарга медициналык камсыздандырууну кезексиз берет