Парламенттик шайлоого катышууну каалаган бир нече партия арыз берди

Шайлоодогу добуш берүү. Токмок шаары. 11-июль, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бир нече саясий партия кайрылды. БШКнын 31-августта маалымдаганы боюнча, "Кыргызстан биримдигинин патриоттук партиясы" кайрылып, шайлоонун уюштуруу иштерине ишенимдүү адамын сунуштаган.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирип, Социал-демократтар, "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", Кыргызстан Жашылдар партиясы жана "Жаратман эл" партиялары кайрылган.

Боршайком бекиткен календарлык планга ылайык, 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн партиялар 3-сентябрь, саат 18:30га чейин расмий билдирүү калтырышы керек.

Шайлоого талапкерлерди каттоо 28-октябрга чейин жүрөт.

Жаңы конституциялык мыйзамдарга ылайык, парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келе алат.(ZKo)

Дагы караңыз

Акжол Махмудовго батирдин сертификаты жана 10 миң доллар тапшырылдыОрусия: Математик Мифтахов түрмөдө укугу бузулуп жатканына даттандыБеларуста оппозициячыл эки ишмерге өкүм угузулатОшто көкбөрү мелдешинде "Кара-Кулжа" командасы биринчи болдуЖамбылдагы жарылуудан кийин коргоо министри кызматтан кеттиАКШ аскерлери Ооганстандан кетти