Зеленский Крымда кармалган жарандарды бошотууга жардам берүүгө Байденди чакырды

Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Жо Байден. 1-сентябрь, 2021-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Жо Байден менен 1-сентябрда Вашингтондо жолугушту. Бул Зеленскийдин мамлекет башчы катары Америкага биринчи жолу барышы.

Зеленский АКШга Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, коопсуздук жаатында алаканы бекемдөөгө ниеттенерин айтты. Ал ошондой эле Орусияда жана аннексияланган Крым аралында кармалган, соттолгон адамдарды бошотууга жардам берүүнү өтүндү. Маалымат каражаттары жазгандай, Киев Вашингтонго берген тизмеде 450 адамдын ысымы бар.

Жо Байден АКШ Киевге «орусиялык агрессияга» каршы турууга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Жолугушуу алдында Зеленский Байден менен Украинанын НАТОго киришин талкуулай турганын айткан. Байден Киевдин аскердик альянска кошулушуна эрте экенин ишарат кылып, мамлекет дагы дале кеңири реформаларга муктаж экенин белгиледи.

Буга чейин АКШ администрациясы Киевге 60 миллион долларлык кезектеги аскердик жардамын көрсөткөнү белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Жалал-Абад: "Барпы" театрынын айрым артисттери иш таштадыБишкекте жүргүнчү ташып бараткан троллейбустун ичи түтөдү (видео)Садыр Жапаров: Күчтүү өлкө куруу кыялым ишке аша баштады, быйыл киреше чыгашадан көп болот"Талибан" Өзбекстанды Эгемендик күнү менен куттуктады