COVID-19: Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2-сентябрга карата коронавируска каршы 12 миң 601 киши эмдөөдөн өттү. Алардын 7,5 миңге жакыны эмдөөнүн толук курсун өткөн. Калганы вакцинанын биринчи дозасын алды.

Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 3-сентябрда кабарлады. Ушуну менен эмдөөдөн өткөн жарандардын жалпы саны 1 млн. 160 миңге жакындады.

Алардын 692 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алса, 465 миңге жакыны эмдөөнүн толук курсунан өткөн.

Учурда Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу Студенттик бейтапкананын башкы дарыгери Миңбай Жороев 3-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, эмдөө пункттарынын ичинде үй-бүлөлүк медицина жана соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү 1-сентябрдан баштап калкты массалык эмдөө боюнча акция жарыялады.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, өлкө боюнча 847 эмдөө пункту иштейт. (КЕ)

Дагы караңыз

Биринчи Май районунда жетекчилик алмаштыСултанбаев: Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир мэриянын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам берилбей келди Чакан жана орто бизнестин Соцфондго төгүмү убактылуу азайтылды Бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн атайын фонд түзүлдү