Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Чакан жана орто бизнестин Соцфондго төгүмү убактылуу азайтылды


Базар.
Базар.

Кыргызстанда чакан жана орто бизнес менен алектенгендердин маянасынан Социалдык фондго чегерилүүчү төгүм убактылуу азайтылды. Президент Садыр Жапаров 2-сентябрда «Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Анда Министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттө чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.

Негизги максат – ишкердик субъекттерине мындан ары колдоо көрсөтүү жана аларды экономиканын байкоого алынбаган секторунан чыгаруу экени белгиленди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин Ички дүң өнүмдөгү үлүшү 2020-жылы 38,6 процент түздү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG