Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн атайын фонд түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Турукташтыруу фонду түзүлдү. Фондду түзүү жөнүндөгү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2-сентябрда кол койду.

Негизги максат – өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана экономиканын тышкы терс факторлордун таасиринен көз карандылыгын төмөндөтүү экени белгиленди.

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резерв топтой турган Турукташтыруу фондун түзүү, бул үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы Министрлер кабинетине берилди.

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата куттуктоо сөзүндө президент Садыр Жапаров бюджеттин акчасын туура колдонуу үчүн кеминде 17 миллиард сом топтолгон атайын фонд түзүлөрүн билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG