Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Президенттин облустагы өкүлдөрү тууралуу жарлыкка өзгөртүү киргизилди


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2-сентябрда "Кыргыз Республикасынын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жарлыкка өзгөртүү киргизүү" тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык, аталган жарлык менен бекитилген президенттин облустагы өкүлүнүн орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары болот.

Орун басарларын жана биринчи орун басарын өкүлдүн сунушу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт жана бошотот.

Мамлекет башчы Жапаровдун 15-июлдагы жарлыгы менен ага чейин облустардагы Министрлер кабинетинин өкүлдөрү Президенттин облустардагы өкүлү деген макамга алмаштырылган.

Кыргызстанда жети облус бар. Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин быйыл кайрадан президенттик башкарууга кайткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG