"Улуттар биримдиги" менен "Мекен сакчысы" шайлоого бирге бармай болду

"Улуттар биримдиги" партиясы менен "Мекен сакчысы" коомдук бирикмеси парламенттик шайлоого бирге баруу максатында биргелешкен келишимге кол койду. Бул маалыматты аталган бирикменин төрагасы Саитжан Эратов "Азаттыкка" ырастады.

"Келишимге кол койдук. Жакында биргелешкен курултай өткөрөбүз. Мындай убакта азыраак сүйлөп, көбүрөөк иш кылышыбыз керек. Кырдаал оор болуп турат", - деди Эратов.

Буга чейин партия менен коомдук бирикменин шайлоого чогуу бара турганын "Улуттар биримдигинин" лидери Мелис Мырзакматов да өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга 75 партия арыз тапшырган. Учурда бир мандаттуу округдардан талапкерлер БШКга арыздарын тапшыра баштады.

Эми саясий уюмдар 13-октябрга чейин курултайларын өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүүгө тийиш. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, тиешелүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат.(КЕ)

Дагы караңыз

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бирдиктүү билдирүү кабыл алдыШайлоо-2021: Чет өлкөлөрдө 57 добушкана ачылатЭлТР президентке жолдонгон кайрылуу тууралуу материалды териштиретCOVID-19: үч киши каза болуп, 95 учур жаңы катталды