22-сентябрдын аба ырайы

Ысык-Көл.

22-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21…23 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Байден Башкы ассамблеяда климат, пандемия маселеси боюнча чогуу иштөөгө чакыратТүркия мигранттардан эмдөө сертификатын талап кылуудаАр бир телефонду каттоого алуу тууралуу мыйзам даярдалды Чаткалда "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда