Садыр Жапаров БУУнун мекемелерин Кыргызстанда жайгаштырууну сунуштады

Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров 21-сентябрда Кыргызстандын президенти катары биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясында видео кайрылуу жасады. Ал жакын арада өлкөдө октябрь окуяларына бир жыл болорун, бул убакыт аралыгында бийлик коомдук-саясий кырдаалды жана социалык-экономикалык абалды турукташтырууга жетишкенин айтып, “Кыргызстан демократиялык жолдон тайбайт” деп билдирди.

“Тарыхый ченемдер боюнча бул кыска убакытта демократиянын мамлекеттик өнүгүү модели катары калыптанышы жана күчтүү жарандык коом республиканын негизги жетишкендиги болуп эсептелет. Менимче, мындай баа берүүмө көпчүлүк макул болсо керек. Биз демократиялык жолдон кайтпайбыз деп ишендирип кетким келет. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы”, - деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчы 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөрүн кошумчалап, эл аралык уюмдардын байкоочуларына бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Андан тышкары Ооганстандагы саясий кырдаалга токтолуп, Бишкек 500 ооган студентине Кыргызстанда окууга шарт түзүп берүүгө даяр экенин айтты.

Ооган жергесиндеги кырдаал чөлкөмдө коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарганын айтып, Улуттар Уюмунун Ооганстандагы мекемелерин убактылуу Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.

Дагы караңыз БУУ: Кыргызстан демократияга, АКШ дипломатияга басым жасады

Пандемия башталгандан бери биринчи жолу дүйнө лидерлеринин бир бөлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесине чогулушту. Былтыр коронавирустан улам президент же премьер-министрлердин дээрлик баары алдын ала кайрылуусун жөнөтүшкөн.

Быйыл Башкы ассамблея лидерлерге Нью-Йоркко келип кайрылуу жасоого же жыйынга онлайн катышууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан улам дүйнөнүн 100дөн ашуун лидери Башкы ассемблеяга түз кайрылууну чечти. (BTo)

Дагы караңыз

Байден: Биз дипломатиянын жаңы доорун ачып жатабызМамлекеттик Думага беш партия өттү"Бирдиктүү Орусия" Мамдумада көп мандатка ээ болдуЖаңылыктар | 21.09.2021 | Чек ара: талап-тоноого көмөктөшкөн деп айыпталгандар соттолду“Талибан” жетектеген өкмөткө аялдар кайрадан кирбей калды