Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

“Талибан” жетектеген өкмөткө аялдар кайрадан кирбей калды


Герат шаары. 10-сентябрь 2021-жыл
Герат шаары. 10-сентябрь 2021-жыл

Ооганстанда “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) жетектеген өкмөт өткөөл кабинеттин курамын кеңейтип, бир нече министрликтин орун басарларын дайындады. Бул ирет да бир да аялга кызмат берилген жок.

«Талибандын» маалымат катчысы Забиулла Мужахид коргоо жана ички иштер министрлеринин орун басарлыгына эки талаа командири, соода министринин милдетин аткаруучу болуп этникалык тажик, анын орун басары болуп этникалык өзбек дайындалганын 21-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, болочокто өкмөткө аялдар да кириши мүмкүн.

Ушул эле күнү адам укуктарын коргогон бир нече эл аралык уюмдар талибдер бийликке келген бир айда Ооганстанда зордук-зомбулуктун толкуну токтобогонун, аялдардын укуктары чектелгенин, медиа жана жарандык коом бутага алынганын, нааразылык акцияларына катышкан адамдар куугунтукталганын маалымдады.

Биргелешкен докладда айтылгандай, “Талибан” бийликти басып алгыча өкмөткө кирген аялдардын көбү өлкөдөн качууга мажбур болду. Алардын мекенинде калган жакындары, кесиптештери, кол астында иштеген кызматкерлер куугунтукка кабылган учурлар көп.

Талибдердин коркутууларына карабай Ооганстандын улам бир жеринде кыз-келиндер өз укуктарын коргоп акцияларды өткөрүп келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG