Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Жогорку сот Сатыбалдиевге чыккан өкүмдү күчүндө калтырды


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

21-сентябрда Жогорку сот Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сатыбалдиев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ага берилген жазаны кайра карап берүүнү суранган. Ал жаңы жагдай катары бул иш боюнча күнөөлүү деп табылган мурдагы финансы министри Ольга Лаврова менен өзүнө бирдей эле айып тагылганын, бирок башка кодекстер менен чечим чыкканын жүйө кылган.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту ЖЭБ иши боюнча Жантөрө Сатыбалдиевди Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен (2017-жылдагы Жазык кодекси, 320-берене) күнөөлүү деп таап жети жыл, алты айга абакка кескен.

Ушул эле иш менен айып коюлган мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да Жазык кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен соттолуп 3 миллион сом айып салынган. Бирок ага 1997-жылдагы Жазык кодекси менен өкүм чыккан.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту жылуулук борборун модернизациялоо маалында коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Калиев президент Садыр Жапаровдон ырайым сурап быйыл абактан чыкты. 11 жыл 3 айга соттолгон “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов да ырайым менен бошотулду.

“Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG