Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

"Торугарт" өткөрүү бекети

Кытай Эл Республикасынын түптөлгөн күнүн майрамдоого байланыштуу 1-октябрдан 7-октябрга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара бекеттери жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жүк алып өтүүгө тыюу салынат.

8-октябрдан тартып бекеттер кайрадан иштей баштайт. Атайын алгоритмге ылайык, аталган өткөрмө бекеттеринен азырынча Кытайдан келе жаткан жүктү гана алып кирүүгө уруксат берилет.

Дагы караңыз

Грекиянын Крит аралында кайрадан жер силкиндиАба ырайы: Чукул билдирүүКытайга кеткен алтын кошулмасы, бажынын жообуАбдыгуловду кызматтан алуу боюнча документ парламентке келди2020-жылы АКШда киши өлтүрүү фактылары көбөйгөн