Садыр Жапаров үйүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берди

Үйдүн ачкычы менен кызыл китебин ал аталган коомдун жетекчиси Аида Төлөгөновага тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги үй-бүлөсүнө караштуу үйдү Мамлекеттик ипотекалык компанияга 30-сентябрда өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Үйдүн ачкычы менен кызыл китебин ал аталган мекеменин жетекчиси Аида Төлөгөновага тапшырды.

“Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы сатып алып, беш жылдан кийин башка жакка көчүп кетишкен. Ошондон бери үй бала бакча катары иштеп келген”, - деп жазат басма сөз кызматы.

Мындай кадамын өлкө башчысы жеке турак жай базарын жакшыртуу, муктаждарды үй менен камсыздоого көмөк көрсөтүү жана “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасын ишке ашырууну көздөгөнү менен түшүндүрдү.

"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар "Жеңилдетилген ипотека" 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана "Жеткиликтүү ипотека" 8% менен башка категориядагы бардык жарандар турак жай сатып ала алышат.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Учурда ипотекалык насыя 6-8% менен берилет.

Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы 712, ал эми 2020-жылы 474 адам мамлекеттен ипотека алган. Коммерциялык банктарда ипотекалык насыя адатта 17-18% менен берилет. (BCh)

Дагы караңыз

Рыскүл: Сыноолор мага күч бердиПрезиденттин басма сөз кызматы мамлекет башчынын атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси акыл-эстүү киши кечки саат 10го чейин сейилдей турганын айтты“Сомо” компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча журналисттик иликтөө жарыяланды