Румыниянын өкмөтү отставкага кетти

Флорин Кыцу. Румыниянын кызматтан кетип жаткан премьер-министри. 5-октябрь, 2021-жыл.

Румыниянын парламенти Флорин Кыцу жетектеген өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, толук курамы менен кызматтан кетирди. Бул демилгени румын парламентинин 281 депутаты колдоду.

Буга чейин өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин парламентте Румыниянын Социал-демократиялык партиясы көтөргөн. Аны кийин Румынияны сактоо союзу менен Румындар биримдиги үчүн альянсы колдоп чыккан.

Румынияда саясий кризис премьер-министр Флорин Кыцу юстиция министри Иона Стелиананы кызматынан алгандан кийин, быйыл сентябрь айында эле башталган болчу.

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бириктиОш шаарынын 3021 жылдыгы белгилендиАкыйкаттык издегендер Оштон Бишкекке жөө жөнөдү“Казакстан сулуусу”, Назарбаевдин “жубайы”: Асел Курманбаева ким?3021 жылды карыткан Ош