Индияда киши колдуу болгон келиндин жакындары президентке кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Индияда каза болгон Мыскал Жумабаеванын бир тууган эжеси Пери Жумабаеванын айтымында, кайрылуу каты Индиянын полициясы менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине да жолдонду.

"Менин кош бойлуу сиңдим бир жаштагы баласы менен киши колдуу болду. Окуяга байланыштуу эч ким камакка алынган жок. Анын ишин териштирип, көзөмөлгө алууңуздарды өтүнөбүз", - деп жазылган катта.

27 жаштагы кыргызстандык Мыскал Жумабаеванын жана анын уулунун сөөгү 21-сентябрда Индиянын Нью-Дели шаарындагы Калькаджи районунда табылган. Текшерүү учурунда ал бир нече жолу жараат алганы аныкталган.

Мыскал каза болгонго чейин курбусунун үйүнө барган. Полиция окуя боюнча маркумдун күйөөсүн, курбусун жана анын жигитин суракка алганын билдирген. (AiA)

Дагы караңыз

Тажикстандан жүк ташып келаткан унаалар кармалдыОрусия Өзбекстандан 10 миң куруучу чакырды НАТОнун баш катчысы орусиялык миссиянын 8 мүчөсү тыңчы болгонун билдирдиДепутат көрүстөндөн миңдей киши алдын ала жер сатып алганын айтты