Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бүгүн, 8-октябрда Казакстандын археологиялык артефакттарынын жана сүрөт көргөзмөлөрүнүн ачылышы болду.
Ага Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Акан Абдуалиев жана Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган эки өлкөнүн маданий ишмерлери катышууда.
Көргөзмөгө Казакстандагы айтылуу археологиялык табылга болгон "Алтын киши" баштаган бир нече тарыхый экспонаттар коюлду.
"Алтын киши" Алматыга жакын аймакта 60-жылдардын аягында табылган. Ал б. з. ч. VI-V кылымга таандык сактар доорунан калган эстелик экени божомолдонуп келет.
Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 7-октябрда башталган, ага коңшу өлкөнүн 300дөн ашуун маданият өкүлдөрү келген. (Mzh)
Дагы караңыз
Индияда киши колдуу болгон келиндин жакындары президентке кайрылды Украин депутаты таксиде каза болдуТажикстандан жүк ташып келаткан унаалар кармалдыОрусия Өзбекстандан 10 миң куруучу чакырды