Оренбургда алкоголго ууланган 26 киши каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург облусунда сапатсыз алкоголго ууланган ондогон адамдын 26сы көз жумду. Дагы 28 киши ооруканада жатат. Жалпысынан 54 киши ууланганын 9-октябрда ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып билдирди.

Буга чейин 17 киши өлгөнү кабарланган.

Тергөө комитети жума күнү коркунучтуу продукцияны өндүрүү жана сатуу менен алектенген үч киши кармалганын жарыялады. Жалпысынан беш кылмыш иши козголгон.

Орусияда жасалма ичимдикке ууланган окуялар көп катталат. 2016-жылы Иркутск шаарында "Боярышник" деп аталган лосьонду ичип алган 76 киши каза болгон.

Дагы караңыз

Текебаев шайлоого "Ата Мекенди" жетектеп барат"Бүтүн Кыргызстан" парламенттик шайлоого тизмесин бекиттиАба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайтКыргызстанда көмүр баасы көкөлөдү