WADA Москвадагы лабораториянын аккредитациясын жокко чыгарды

Москвадагы допингге каршы лабораториянын кире бериши. Архив сүрөт.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) Москвадагы допингге каршы лабораториянын аккредитациясын жокко чыгарды.

Reuters маалыматына ылайык, Дүйнөлүк агенттиктин аткаруу комитети дисциплинардык комитеттин бул жааттагы сунуштамасын жактырды.

Москва лабораториясына ишмердиги 2020-жылдын январь айынан бери убактылуу токтотулганы жөнүндө Аткаруу комитетинин чечими маалымдалган. Лабораторияга кан үлгүлөрүнүн анализи менен байланышкан иштерди аткарууга азырынча уруксат берилбейт.

Москва лабораториясы Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин чечиминин үстүнөн 21 күндүн ичинде Спорттук арбитраждык сотко даттанышы мүмкүн.

Орус бийлиги спортчулардын допинг колдонушу мамлекеттик деңгээлде колдоого алынат деген божомолду четке кагып келет.

WADA 2019-жылы Орусияны төрт жылга эл аралык мелдештерден, анын ичинде Олимпиададан жана дүйнө чемпионаттарынан четтеткен. Кызытма колдонбогонун далилдеген "таза" атлеттер бейтарап желек алдында жарышка чыгышат. Эл аралык беттештерде Орусиянын мамлекеттик желегине жана гимнине тыюу салынган.

Дагы караңыз

Уурулукка шек саналып кармалган жаран камактан качып кеттиКоронавирус дагы 93 адамдан аныкталдыШайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар 200гө чамаладыЖо Байден Нобел сыйлыгын алган журналисттерди куттуктады