Жалал-Абад: Баткен согушунун курмандыктары эскерилди

Жалал-Абад. 2021-жылдын 26-октябры.

26-октябрда Жалал-Абад шаарында Баткен согушу аяктаганынын 21 жылдыгы белгиленди. Согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасына калаа жетекчилиги жана Баткен согушунун ардагерлери, апаатта каза болгондордун жакындары катышты.

Баткен согушуна Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер барып, 12си курман болгон. Жергиликтүү бийлик жыл сайын алардын үй-бүлөсүнө акчалай жардамын берип келет. Быйыл бул максатта шаар казынасынан 84 миң сом акча бөлүндү.

«Өзбекстан ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 1999-2000-жылдагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген ат менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. (TB)

Дагы караңыз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик алмашты Кыргызстанда илбирске санак жүрүүдөДача СУдагы каргаша жашоосун өзгөрткөн Байнур Президенттик администрациянын "пара алды" деген кызматкери иштен алынды