Баткен: Чек ара окуясында жабыркагандардын жөлөкпулу боюнча сунуш жактырылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде, быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда каза болгондордун жана жараат алгандардын үй-бүлөсүнө кошумча социалдык жардам тууралуу мыйзам долбоору парламентте үч окууда кабыл алынды. Бул маселе Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы отурумунда каралганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Аларга социалдык кепилдик өлкөнүн түштүк аймагында 2010-жылдын жазында жабыркагандарга жардам берүү тууралуу мыйзамдын алкагында берилет деп аныкталды.

Мыйзамга сунушталып жаткан кошумчалар кабыл алынып, ишке кирсе, каза болгондордун 18ге чыга элек балдарына, пенсиядагы ата-энесине (эгер жалгыз баласы болсо) жана окуядан кийин майып болуп калгандарга ай сайын 3 700 сомдон жөлөкпул төлөнүп берилип турат.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

Дагы караңыз

Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий жыйынтыкталдыКоронавирустан дагы үч адам каза болду, 124 бейтап жаңы катталдыКытай тажик аскерлерине Бадахшанда аскердик база куруп беретСоттолгон мурдагы бажычы Ражабалиев депутаттыкка талапкер болуп катталды