Европа соту Москвада кулчулукта калган казак жана өзбек мигранттарынын арызын карайт

Өзбекстандык Тумар Касимова кызы Бакияны кучактап турат. Аны Москвадагы "Продукты" дүкөнүндө кулчулукта кармап турушкан. Сүрөт — Анна Артемьева, "Новая газета"

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияда дүкөн ээлеринин кулчулугунда калган казак жана өзбек аялдардын арыздарын карайт. Бул тууралуу Страсбургдагы соттун сайтында маалымдалды.

Бир ишке бириктирилген 5 аялдын кызыкчылыктарын орусиялык "Мемориал" укук коргоо уюму коргойт. Алар кызматташкан "Жарандык көмөк" комитети сот ишти Орусияга жөнөтөрүн билдирди.

Биринчи арыз 2016-жылы өзбек жарандары Гүлжанар Назанова жана Бакия Касимованын, казакстандык Фатима жана Алия Мусабаевалардын атынан берилген. Экинчи арыз 2018-жылы казак жараны Несибели Ибрагимованын атынан түшкөн.

Мигранттар иштеген азык-түлүк дүкөндөрү орус башкалаасынын Гольяново районунда орун алган. Дүкөндөргө – жубайлар менен тууганы ээлик кылчу.

"Жарандык көмөк" комитети жазганына караганда, аялдардын документтерин тартып алып, эмгек мигранттары деп каттоодон баш тартып келишкен. Эмгеги үчүн акча төлөнчү эмес, дүкөндөн чыгууга тыюу салынган, жер төлөөдө укташкан.

"Дүкөн ээлери жана кызматкерлери Өзбекстан жана Казакстан жарандарын коркутуп, жылдар бою акы төлөбөстөн иштетип, зордуктап, уруп-сабап, кемсинтип келишкен", - деп жазат комитет.

Укук коргоочулар белгилешкендей, полиция, тергөөчүлөр жапа чеккендердин кылмыш иш козгоо өтүнүчүн четке кагышкан.

Дагы караңыз

Коронавируска каршы ревакцинация жүргүзүлөт Кабулда эртең менен дагы бир жардыруу болдуCOVID-19: Кыргызстан өспүрүмдөрдү да эмдей баштайт